Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Жанар Туратова
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Ашыраалы Айталиев
Songwriter:in
К.Жакшылыков
Songwriter:in
Songteksten
Көлдүн жээги бирге бастык салкындап ой
Жайдар мүнөз жаз күнүндөй жаркылдап
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа ой
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап
Кошкун дедин көпкө чейин ай кол булгап
Кете бердин параходдо ай
Кете бердин параходдо калкылдап
Эми алысмын куса болуп сагынам
Бирок дагы бирге жүрөт тамашан
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги ой
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам
Ашыктыгым ого бетер ай артылап
Сагынганда сүрөтүнө ай
Сагынганда сүрөтүнө карасам
Ар бир кыял мүнөздөрүн көнүлдө
Унутпастан ойлойм өзүн жөнүндө
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын ой
Сагынуунун зардабына жеңилбе
Аз күн калды жолугушчу ой убакыт
Сен узаткан Ысык-Көлдүн ай
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде
Аз кун калды жолугушчу ой убакыт
Сен узаткан Ысык-Көлдүн ай
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде
Written by: Ашыраалы Айталиев, К.Жакшылыков