Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Жанар Туратова
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Мыктыбек Нурланбеков
Komponist:in
Акбар Кубанычбеков
Songwriter:in
Songteksten
Жаралып келген, жарык бул аалам
Жалганды чындай көптөр кураган
Жеңиле бербе желдей сөздөргө
Чыдагын жүрөк, чыда баарына суранам
Неге, үмүтүмдү бекер учурамын
Өзүнчө эле өзүмө батпай кысыламын
Жеңилбе, кыйын күндүн билсең себеби бар
Ошол үчүн жараткандын берери бар
Бул агымыңа каршы сүзө алам
Бут тоскон сайын кайра күч алам
Ишеним бар, изги тилегим бар
Кол сунбай койсун мейли бүт адам
Ойлогон ойго билем жете алам
Жүрөгүм бар, таза жүрөгүм бар
Коркобуз чындап өзгө ойлордон
Кадамды таштай албай толгоном
Максатка жетиш үчүн жашаймын
Ойлорум жетпей чекитке болжогон
Неге, үмүтүмдү бекер учурамын
Өзүнчө эле өзүмө батпай кысыламын
Жеңилбе, кыйын күндүн билсең себеби бар
Ошол үчүн жараткандын берери бар
Бул агымыңа каршы сүзө алам
Бут тоскон сайын кайра күч алам
Ишеним бар, изги тилегим бар
Кол сунбай койсун мейли бүт адам
Ойлогон ойго билем жете алам
Жүрөгүм бар, таза жүрөгүм бар
Бул агымыңа каршы сүзө алам
Ойлогон ойго билем жете алам
Жүрөгүм бар, таза жүрөгүм бар
Бул агымыңа каршы сүзө алам
Бут тоскон сайын кайра күч алам
Ишеним бар, изги тилегим бар
Кол сунбай койсун мейли бүт адам
Ойлогон ойго билем жете алам
Жүрөгүм бар, таза жүрөгүм бар
Written by: Акбар Кубанычбеков, Мыктыбек Нурланбеков