Songteksten

Карагым ай
Күн сымал күлмүңдөп кабагың ай
Күйүттө сен сүйгөн абалым ай
Адамдар өмүргө конок экен
Өзүңдөй жанды кайдан эй табамын ай
Карагым ай
Кыйылып үзүлүп карадың ай
Карегиң кандай сулуу карагым-ай
Карагым ай
Алкынган аргымак озот экен
Алдыңан сени ким тосот экен
Көңүлдөр неликтен бошоду экен
Тагдырың сени кимге ай кошот экен
Карагым ай
Кыйылып үзүлүп карадың ай
Карегиң кандай сулуу карагым-ай
Карагым ай
Бул өмүр ушундай өтөөр беле
Сүйүүсүз дүнүйө бекер беле
Барактап жыйнасаң бар өмүрдү
Сүйүүнүн сүртүмүнө жетээр беле
Карагым ай
Кыйылып үзүлүп карадың ай
Карегиң кандай сулуу карагым-ай
Written by: Кенес Дуйсекеев, Шомшибай Сариев
instagramSharePathic_arrow_out