Top Songs By Суран Садыбакасов
Similar Songs
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Суран Садыбакасов
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Аскат Жетиген
Songwriter:in
Lyrics
Ажарыңа арбалып
Дидарыңа зарланып
Муңканып ыр ырдадым
Булбул кушка айланып
Кыйноо салган кылыгың
Кызгалдактай буралып
Күн кечке созом обон
Күкүк болуп үн салып
Үн салып эй, үн салып ой, үн салып
Айыбы жок жаралган
Ажайып көркөмүңө
Ашыгып ыр арнадым
Асыл кечим өзүңө
Өчпөс болуп жанасың
Өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм
Өмүрлөшүм өмүрдө
Өмүрдө эй, өмүрдө ой, өмүрдө
Миң сулуунун ичинен
Бир өзүңдү каалаймын
Туткуну болдум эркем
Тушалган бул жагдайдын
Бир өзүңдү ойлоймун
Бир өзүңдү самаймын
Тагдырга башымды ийип
Тарттым сен деп убайым
Убайым эй, убайым ой, убайым
Алдыман чыга калсаң
Ай сымал түндө жаркып
Арзуум күчөп ан сайын
Алоолоп сага тартып
Күлмүңдөп чыга келсен
Күндөй жаркып таңдагы
Суусатат бүткөн боюң
Сулуулугуң андагы
Андагы эй, андагы ой, андагы
Андагы эй, андагы ой. андагы
Карааныңа зар болуп
Кайгырсам, кубансам да
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм
Келсе деп кучагыма
Сагынтасың күн сайын
Саргайтып сарсанаага
Арманга тумчуктурбай
Алганым болчу жанымда
Жанымда эй, жанымда ой, жанымда
Жанымда эй, жанымда ой, жанымда
Lyrics powered by www.musixmatch.com