Top Songs By Таалай Бектурганов
Similar Songs
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Таалай Бектурганов
Leadgesang
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Таалай Бектурганов
Songwriter:in
PRODUKTION UND TECHNIK
GMS music
Produzent:in
Lyrics
Тарбия бардыгына бирдей берет
Он бала болсун багат ата-эне
А бирок ошол ону биригишип
Биригишип
Багышпайт ата-энени эминеге
А бирок ошол ону биригишип
Биригишип
Багышпайт ата-энени эминеге
Кол созуп бир кездерде келе-келе
Келе бер, кармат мага өзүң жебе
Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө
Үй-жай күтсө
Унутат ата-энесин эминеге?
Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө
Үй-жай күтсө
Унутат ата-энесин эминеге?
Оокат таап адилеттүү эмгек менен
Адамдык сапатыңды тилеп келген
Ай ушул адам болуп кетсинчи деп
Кетсинчи деп
Ата-энең болчу өргө жетелеген
Ай ушул адам болуп кетсинчи деп
Кетсинчи деп
Ата-энең болчу өргө жетелеген
Көрүнүп эл көзүнө коройгондон
Бой болсо ак теректей соройгондо
Карабай атасына, энесине
Энесине
Кай мерез басып кетет чоңойгондо
Карабай атасына, энесине
Энесине
Кай мерез басып кетет чоңойгондо
Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө
Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө
Билсеңер ата-эненин милдетинен
Милдетинен
Кутула албайсың ар тирүү күндө
Билсеңер ата-эненин милдетинен
Милдетинен
Кутула албайсың ар тирүү күндө
Туурдан учурганын унут койбой
Адамдык сапатыңды астиң ойло
Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан
Балдарыңдан
Көргөндө өкүнбөгүн ушуну ойлон
Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан
Балдарыңдан
Көргөндө өкүнбөгүн ушуну ойлон
Ушуну ойлон
Lyrics powered by www.musixmatch.com