Songteksten

Конокко куш келипсиз, кудача кыз
Бийлеңиз, ырдасаңыз кубанабыз
Жарк эткен айдай болуп, күндөй болуп
Жылмайып коюңузчу, суранабыз
Жарк эткен айдай болуп, күндөй болуп
Жылмайып коюңузчу, суранабыз
Ээ-эээй, ий-ии-ий-ий, аа-аай
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?
Байландым упузун, ай, чачыңызга
Укмуштай капкара экен кашыңыз да
Калбайбы көңүлүңүз биле албадым
Суктанып жакын барсам жаныңызга
Калбайбы көңүлүңүз биле албадым
Суктанып жакын барсам жаныңызга
Ээ-эээй, ии-ии-ии-ий
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?
Супсулуу кара көздүү кудача кыз
Сиз үчүн керек болсо кыр ашабыз
Көтөрсөк көкүрөктү кечиресиз
Жакшылап карап көрүп бааласаңыз
Көтөрсөк көкүрөктү кечиресиз
Жакшылап карап көрүп бааласаңыз
Ээ-эээй, ии-ии-ии-ий
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?
Үйүңүз Ала-Тоонун этегинде
Коштошуп гул берейин кетериңде
Узатсам кандай сонун болор эле
Беттен сүйүп үйүңүзгө жетеримде
Узатсам кандай сонун болор эле
Беттен сүйүп үйүңүзгө жетеримде
Ээ-эээй, ии-ии-ии-ий
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?
Written by: Baurjan Turgaraev, Zamir Arykbaev
instagramSharePathic_arrow_out