Songteksten

Жашоо турмуш соктурса да ызгаарын
Энчиледиң омурундун жылдарын
Мээримиңе таазим кылам, апаке
Арнап койгон, ал күчүнүн бүт баарын
Арнап койгон, ал күчүнүн бүт баарын
Асыл жансың, даанышмансың, сулуусуң
Жарыгысың бүт дүйнөмдүн, нурусун
Энекебай, мага кымбат баарынан
Маңдайымда аман эсен турушуң
Энекебай, маңдайымда аман эсен турушун
Тар жолдордо канча ирет аксадың
Таштабадың, жээрибедиң качпадың
Айтып турат тартканыңды көп түйшүк
Апакебай, бубак баскан чачтарың
Апакебай, бубак баскан чачтарың
Асыл жансың, даанышмансың, сулуусуң
Жарыгысың бүт дүйнөмдүн, нурусун
Энекебай, мага кымбат баарынан
Маңдайымда аман эсен турушуң
Энекебай, маңдайымда аман эсен турушун
Жылдар учат кылчайбастан жулунуп
Кылыч мезгил өз кынынан суурулуп
Капалантат баратканы колуңдун
Айласыздан карылыкка сунулуп
Энекебай айласыздан карылыкка сунулуп
Written by: Anarbek Abdiev, Зарлык Камбаралиев
instagramSharePathic_arrow_out