Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Нурлан Насип
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Nasypbek uulu Nurlanbek
Komponist:in
Akbar Kubanychbekov
Texte
Songteksten
Шүгүр кылгын ден соолугуң барына
Шүгүр кылгын ар бир аткан таңыңа
Айла кетип, дарек таппай турганда
Ата-энеңдин бары өзү дары да
Шүгүр кылгын көзүң ачып, жумганда
Шүгүр кылгын болбос ишке кыйналба
Ыйманыңды ысык сактап ар убак
Адамдыктан чыгып кетип булганба
Жараткан чын, угаарың
Шүгүр жалгыз сураарым!
Шүгүр кыл, шүгүр кыл
Жараткан бир Аллага
Шүгүр кыл, шүгүр кыл
Жаратканым Аллага
Күн бүркөлөт кайра чыгат бактыга
Өмүр деген өтсө келбес жаз тура
Жүрөгүңдү таза бойдон кармагын
Барчу жериң Жараткандын асты да
Болбойт тура эч бир нерсе капилет
Бир Алланын буйругуна баш ийет
Баары болот ойдогудай жашоодо
Качан кылсак чын дил менен каниет
Жараткан чын, угаарың
Шүгүр жалгыз сураарым!
Шүгүр кыл, шүгүр кыл
Жараткан бир Аллага
Шүгүр кыл, шүгүр кыл
Жаратканым Аллага
Шүгүр кыл, шүгүр кыл
Жараткан бир Аллага
Шүгүр кыл, шүгүр кыл
Жаратканым Аллага
Written by: Akbar Kubanychbekov, Nasypbek uulu Nurlanbek