Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Нурлан Насип
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Нурлан Насип
Komponist:in
Урмат Усенов
Songwriter:in
Songteksten
Аба салкын, жаздын кечи
Башкача сезим берди
Көчөлөр бош, калаа чети
Жолуккум сага келди
Ооба билем
Сен үчүн балким жомок
Ооба билем
Жолукпай койсок болмок
Ооба билем
Эми кеч жашыра албаймын
Жамгырлуу жаздын кечи, жаздын кечи
Жүрөгүмө сүйүү берчи
Ээрчишип, эзилишкен экөөбүзгө
Күбө болчу жаздын кечи
Ээх, махабатым, махабатым
Сен да мени сүйөм дечи
Ошондогу жаздын деми
Оюма байлап сени
Мен издеген махабатым
Жамгырлуу жаздан таптым
Ооба билем
Сен үчун балким жалган
Ооба билем
Ыр бойдон жазда калган
Ооба билем
Бирок мен жашыра албаймын
Жамгырлуу жаздын кечи, жаздын кечи
Жүрөгүмө сүйүү берчи
Ээрчишип, эзилишкен экөөбүзгө
Күбө болчу жаздын кечи
Ээх, махабатым, махабатым
Сен да мени сүйөм дечи
Жамгырлуу жаздын кечи, жаздын кечи
Жүрөгүмө сүйүү берчи
Ээрчишип, эзилишкен экөөбүзгө
Күбө болчу жаздын кечи
Ээх, махабатым, махабатым
Сен да мени сүйөм дечи
Written by: Нурлан Насип, Урмат Усенов