Songteksten

Аруузатым ай чырайым аппагым
Сени көрүп мен тазара баштадым
Карегиңде жүргөн экен катылып
Качанкы бир мен жоготкон асманым
Карайлаган көңүлүмө нур толуп
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп
Кайран жаштык өткөнчө
Кайрылбастан кеткенче
Карындашым кагылайын
Кагылайын мага бир жолук
Бирде чуркап бирде калып жөрмөлөп
Билинбестен жаштык барат өйдөлөп
Баратканда балбылдаган от көрдүм
Бакыт менден алыс эмес өңдөнөт
Карайлаган көңүлүмө нур толуп
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп
Кайран жаштык өткөнчө
Кайрылбастан кеткенче
Карындашым кагылайын
Кагылайын мага бир жолук
Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм
Өзүң менен айыкчудай сезилип
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм
Карайлаган көңүлүмө нур толуп
Кайрадан бир төгүлөйүн ыр болуп
Кайран жаштык өткөнчө кайрылбастан кеткенче
Карындашым кагылайын
Кагылайын мага бир жолук
Тагдыр мени каалагандай калчадың
Акың калса алып бүтчү чарчадым
Жаштык узап кете электе бир жолу
Жашоо берчи жашылындай арчанын
Карайлаган көңүлүмө нур толуп
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп
Арман болуп дүнүйөм
Айрылганча сүйүүмөн
Аруузатым айланайын
Айланайын мага бир жолук
Аруузатым айнанайын
Ананайын мага бир жолук
Written by: Elmirbek Imanaliev
instagramSharePathic_arrow_out