Songteksten

Сагынам сени ойлонуп
Санадым эстеп кадырың
Кайсы эле күнү өчүрөм
Жүрөктүн күйгөн жалының?
Аттандым алыс эртеси
Алтыным мында келсечи
Аралаш ойноп бир жүргөн
Акындын сүйгөн эркеси
Айтайын тилим сайратып
Ашкере ичти кайнатып
Алтыным аман бар бекен
Аркардай козун жайнатып, жайнатып
Written by: Муса Баетов
instagramSharePathic_arrow_out