Songteksten

Таң шооласы нур чачканда
Тал-теректер бүр ачканда
Кыр-кырлардан кол булгалап
Кызгалдактар гүл ачканда
Алга сүрөп үмүт гана
Алоолонуп күйүп-жана
Бар-жогума кайыл болуп
Барам сага, барам сага
Жылдыз көктө тагылганда
Жылгадан суу агылганда
Алтын сөйкө сыяктанып
Ай кайрадан жаңырганда
Алга сүрөп үмүт гана
Алоолонуп күйүп-жана
Бар-жогума кайыл болуп
Барам сага, барам сага
Дайра толкуп агылганда
Дарак жоолук салынганда
Санаам сары саман болуп
Сага карай агылганда
Алга сүрөп үмүт гана
Алоолонуп күйүп-жана
Бар-жогума кайыл болуп
Барам сага, барам сага
Алга сүрөп үмүт гана
Алоолонуп күйүп-жана
Бар-жогума кайыл болуп
Барам сага, барам сага
Бар-жогума кайыл болуп
Барам сага, барам сага
Барам сага, барам сага
Written by: Арзыбек Бедияров, Эсенкул Ибраев
instagramSharePathic_arrow_out