Songteksten

Ай жүзүң жарык, сулуу ак маңдай
Көзүңө сенин мончок таккандай
Туйлатып ичке, болдун сүйүү отун жаккандай
Күлмүңдөп жүзүң, басты капкандай
Болбоюн сага аша чапкандай
Туйлады жүрөк чын ашыгын эми тапкандай
Жан экенсиң тике карап сүйүүнү айта алгыз
Жан экенсиң уурдап кетип сезимди кайтаргыз
Кыйнабагын чөмүлдүрүп сагыныч отуна
Кайтарып бер күнөөсү жок жүрөктү Кайсар кыз
Жүрөктү Кайсар кыз
Карегиң сенин жарык чачкандай
Кабагын болсо, булут баскандай
Сырларын билбейм түгөнбөдү эски дастандай
Алмаштырдың сен эрте-кечимди
Кетирмей болдуң менин эсимди
Кайсар кыз менин
Алып койдун бүтүн эркимди
Жан экенсиң тике карап сүйүүнү айта алгыз
Жан экенсиң уурдап кетип сезимди кайтаргыз
Кыйнабагын чөмүлдүрүп сагыныч отуна
Кайтарып бер күнөөсү жок жүрөктү Кайсар кыз
Жүрөктү Кайсар кыз
Жан экенсиң тике карап сүйүүнү айта алгыз
Жан экенсиң уурдап кетип сезимди кайтаргыз
Кыйнабагын чөмүлдүрүп сагыныч отуна
Кайтарып бер күнөөсү жок жүрөктү Кайсар кыз
Жүрөктү Кайсар кыз
Written by: Камбаралиев Зарлык Камбаралиевич
instagramSharePathic_arrow_out