Topsongs van Токтобек Асаналиев
Vergelijkbare songs
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Токтобек Асаналиев
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Калмурат Рыскулов
Komponist:in
Акбар Рыскулов
Songwriter:in
Songteksten
Алмашып күзгө жашыл жай
Ат-Башым агат шашылбай
Ат кечпей суунун агымын
Арманым аттын башындай
Боз туман чалып тоо башын
Бойлобой турам ооба, чын
Боздотуп койсоң ат башым
Болоюн сенин Боогачың
Боздотуп койсоң ат башым
Болоюн сенин Боогачың
Алыстан арзып мен келдим
Адашкан тайлак өңдөндүм
Аркы өйүз менен берки өйүз
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Боз туман чалып тоо башын
Бойлобой турам ооба, чын
Боздотуп койсоң ат башым
Болоюн сенин Боогачың
Боздотуп койсоң ат башым
Болоюн сенин Боогачың
Ачыгын айтсам жашырбай
Арманым аттын башындай
Ашыгым, менин көрсөтчү
Аркы өйүз жакка жашынбай
Боз туман чалып тоо башын
Бойлобой турам ооба, чын
Боздотуп койсоң ат башым
Болоюн сенин Боогачың
Боздотуп койсоң ат башым
Болоюн сенин Боогачың
Боздотсоң кантем түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн
Боогачың болуп мен сенин
Боюңдан издейм, Үкөйүм
Боогачың болуп мен сенин
Боюңдан издейм, Үкөйүм
Боюңдан издейм, Үкөйүм
Written by: Акбар Рыскулов, Калмурат Рыскулов