Songteksten

Азиянын талаалары дүңгүрөп
Ат чабыштан аалам дагы сүрдөгөн
Балбан күрөш, эр оодарыш, көк бөрү
Айгайынан жансызга да жан кирет
Кең Ала-Тоо турагым
Кылымдарга турарым
Жеңиштерге чакырат
Манас, Манас, Манастаган урааның
Шумкарларын мүнүшкөрлөр камдасын
Тулпарларын саяпкерлер таптасын
Ордо атып, бүркүт салып, күлүк чаап
Ар бириңде ата салты жашасын
Кең Ала-Тоо турагым
Кылымдарга турарым
Жеңиштерге чакырат
Манас, Манас, Манастаган ураның
Кылым кескен тоолук элдин толкуну
Көрккө келди Ала-Тоонун коюну
Бүт дүйнөгө даңазалап кыргызды
Жашай берсин көчмөндөрдүн оюну
Кең Ала-Тоо турагым
Кылымдарга турарым
Жеңиштерге чакырат
Манас, Манас, Манастаган урааның
Кең Ала-Тоо турагым
Кылымдарга турарым
Жеңиштерге чакырат
Манас, Манас, Манастаган урааның
Манас, Манас, Манастаган урааның
Written by: Бакыт Капаров, Жума Мамбетов
instagramSharePathic_arrow_out