Topsongs van Токтобек Асаналиев
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Токтобек Асаналиев
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Хабибилла Азиреткулов
Komponist:in
Атакул Жакыпов
Songwriter:in
Songteksten
Аттанган туулган жер үчүн
Аттанган кутман эл үчүн
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал
Уулуңар, жоокер эл үчүн
Эстелик жанына келип
Энелер, ыйлабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Жан берип кандуу кармаштан
Кайткан жок, кайра батыштан
Эстелик болду эми алар
Түбөлүк отту жагышкан
Эстелик жанына келип
Энелер, ыйлабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Тосушуп таңды атаарда
Узатып күндү батаарда
Түбөлүк тирүү турушат
Уулуңар биздин катарда
Эстелик жанына келип
Энелер, ыйлабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Эстелик жанына келип
Энелер, ыйлабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Сезимди кыйнабагыла
Written by: Атакул Жакыпов, Хабибилла Азиреткулов