Topsongs van Guljigit Kalykov
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Guljigit Kalykov
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Эржан Жанатов
Songwriter:in
Songteksten
Өтөт күндөр, кайра келбес кайрылып
Элестетип чоң дайранын агымындай
А мен болсо жалгыз сага ашыкмын
Бир сага, менин кымбатым
Жароокерим, жаздын таңындай
Кантип жашайм сени сагынбай?
Асылкечим, аппак жүзүң жарык толгон айдай
Жүрөгүмдүн сүйүү ырларын
Бир сен үчүн арнап сунамын
Жан дүйнөмдүн жарык таңы, менин аярым
Жайлуу көркү, назик, сындуу, жамалым
Сен жылмайсаң мен да эргип каламын, ай
Сагынарым, багынарым өзүңсүң
Татынам, менин аярым
Жароокерим, жаздын таңындай
Кантип жашайм сени сагынбай?
Асылкечим, аппак жүзүң жарык толгон айдай
Жүрөгүмдүн сүйүү ырларын
Бир сен үчүн арнап сунамын
Жан дүйнөмдүн жарык таңы, менин аярым
Гүлзарларды аралаймын, сүйгөнүм
Билип койчу мен ошону сүйгөнмүн
Чындап мени кабыл алса жүрөгүң
Билдирип кой сүйөрүң
Жароокерим, жаздын таңындай
Кантип жашайм сени сагынбай?
Асылкечим, аппак жүзүң жарык толгон айдай
Жүрөгүмдүн сүйүү ырларын
Бир сен үчүн арнап сунамын
Жан дүйнөмдүн жарык таңы, менин аярым
Жароокерим, жаздын таңындай
Кантип жашайм сени сагынбай?
Асылкечим, аппак жүзүң жарык толгон айдай
Жүрөгүмдүн сүйүү ырларын
Бир сен үчүн арнап сунамын
Жан дүйнөмдүн жарык таңы, менин аярым
Жан дүйнөмдүн жарык таңы, менин аярым
Written by: Эржан Жанатов