Muziekvideo

Verschijnt in

Credits

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Guljigit Kalykov
Guljigit Kalykov
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Медер Турсунбаев
Komponist:in
Кыялбек Урманбетов
Songwriter:in

Songteksten

Алтын эмес, бакыт
Алалбайсың сатып
Бир тамчысы бир өмүргө татып
Төгүлсө да мейли, түгөнбөсүн дейли
Таразалайт убакыт
Кичинекей өлкөм, бирок бийик, көркөм
Кенен, кандай кереметин көрсөм
Ырысыма балкып, ырдабайын кантип
Ала-Тоодо төрөлсөм?
Элим, гүл өмүрдү сунайын эми
Ынтымагың сурайын
Биригип көкөлө, көкөлө ылайым куштай
Элим, алакандай кыргызым, элим
Жерге түшпөй жылдызың, өркүнүң өссүн
Таттуу болуп турмушуң туздай
Максат эмес кызмат
Маңдай териң кымбат
Майдаланба көр дүйнөгө сыздап
Асмандаган кезде акыл сөздү эсте
Токой болбойт жалгыз бак
Жакшыны да билдик, жаманды да билдик
Аза болбой, таза болсун бийлик
Улуу өлкө куруп, улут бойдон уюп
Эне тилде эргийли
Элим, гүл өмүрдү сунайын эми
Ынтымагың сурайын
Биригип көкөлө, көкөлө ылайым куштай
Элим, алакандай кыргызым, элим
Жерге түшпөй жылдызың, өркүнүң өссүн
Таттуу болуп турмушуң туздай
Элим, гүл өмүрдү сунайын эми
Ынтымагың сурайын
Биригип көкөлө, көкөлө ылайым куштай
Элим, алакандай кыргызым, элим
Жерге түшпөй жылдызың, өркүнүң өссүн
Таттуу болуп турмушуң туздай
Ɵркүнүң өссүн таттуу болуп турмушуң туздай
Written by: Кыялбек Урманбетов, Медер Турсунбаев
instagramSharePathic_arrow_out