Topsongs van Мирбек Атабеков
Vergelijkbare songs
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
М. Атабеков
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
М. Атабеков
Komponist:in
К. Качкынбаев
Songwriter:in
Songteksten
Бирде келет байлык, бийлик баарына,
Бирде кетет тайып, жаның сыздата.
Кайгырба, кайгырба сен жашоо шартына,
Тагдырга, тагдырга буйругу да, бары да.
Байкабайсың болуп турган бактыңды,
Азык болот дайым сага ырыскы.
Каалаба, каалаба жамандыкты душманга,
Таштаба, таштаба досторуңду азапка.
Жашоо деңизи,
Элдин ай, тилеги, тилеги.
Жылдап-айлап түшүнөрсүң баарына,
Жолуң кыска жакшылыктан тартынба.
Чалдыкпа, чалдыкпа алданбачы байлыкка,
Айрылба, айрылба ыймандыктан жакынга.
Кардуу күндөр өтөөр, жылдап аз-аздан,
Карыялар берет батасын сага.
Жараткан, жараткан, жаралганды кубатта,
Ааламга, ааламга көкөлөтүп асманга.
Бирде келет байлык, бийлик колуңа,
Бирде кетет жаның тайып, сыздата.
Кайгырба, кайгырба сен жашоонун шартына,
Тагдырга, тагдырга буйругу да, бары да.
Байкабайсың болуп турган бактыңды,
Азык болот дайым сага ырыскы.
Каалаба, каалаба жамандыкты душманга,
Таштаба, таштаба досторуңду азапка.
Written by: К. Качкынбаев, М. Атабеков