Credits

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Иманбаев Улукбек
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Иманбаев Улукбек
Songwriter:in
Сапарбеков Бакытбек
Songwriter:in

Songteksten

Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй
Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй
Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын
Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын
Сенде калам ар дайым өзүң бийик маанайым бол
Өзгөлөрдөн катайын өзүң жалгыз айдайым бол
Күндөрүмдүн баарын өмүрүмдүн багын
Гүлдөй жайнатып гүлдөй жайнатып
Жалгыз мага арналчы
Ай нурундай жамалын
Сезимдерим жомоктой
Өчпөйт тарыхын бойлой
Жарыгым болуп мени менен түбөлүкө бирге болчу
Асылым перим бул жашоомду сүйүнүчкө бөлөп койчу
Тунук кыял тереңдеп өзүңө бекем мен байландым
Балдай таттуу жандан артык ак сүйүүмдү сага арнадым
Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй
Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй
Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын
Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын
Бул перини көргөн эмесмин мен жашаган жерлерде
Көргөм бир жолу түшкө киргенде
Бул перини көргөн эмесмин мүмкүнчүлүк келгенде
Жалгыз мага көрүнбөй көрүнөт элдерге
Ойлонуп көрсөң балким ал кыз чындап жаныңда
Жашап келет кошунаңдын билинбеген тамында
Көңүл бурбайт эптеп сөз байлаган дос балдарына
Жалгыз татыктууну күтөт келет деп өз убагында
Эң кыйын нерсе жетиш толук ишеничине
Канча кыйын ошончо бекем мамиле
Эн оңой нерсе чыгып кетиш ишеничинен
Ал сенсиз билбейм сен алсыз алсыз дагы эле
Бирок чындап билгим келет атын
Бул ой максатым
Канчалыка чейин озүн терең катты
Аракет кылып көргөнгө барбы акым
Кучагыма бекем кармаганы жакын
Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй
Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй
Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын
Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын
Written by: Иманбаев Улукбек, Сапарбеков Бакытбек
instagramSharePathic_arrow_out