Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Аяна Касымова
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Аяна Касымова
Komponist:in
Lyrics
Көрүшкөнчө көздөр тике карабай
Эки мүнөз уяң өскөн баладай
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып
Баратабыз гүлдүү бакты аралай
Ошол күнү таанышканбыз жаңыдан
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан
"Аппагыңды көрүп алчы" дегенсип
Ал аңгыча эле жарк дей түштү чагылган
Басылганча туралы деп кичине
Баш катабыз бир күрмөнүн ичинде
Дал ошентип ошол күндү өткөрдүк
Неге мынча сүйүү кымбат кишиге?
Жарк дегенде неге мени карадың?
Дал ошондо жайнай түштү жамалың
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп
Ошондо мен чагылганды самадым
Lyrics powered by www.musixmatch.com