Lyrics

Көзүңө карасам Көл болуп баратам Жүрөктү мынча жибитет Тартылып баратам Тагдырым, тамашам Ашыкмын көлдүк жигитке Көлдүгүм, Көлдүгүм ай Көлдүктөн өлдүмбү ай Көзүңдөн толкун көрдүм ай Сезимтал көлдүгүм ай Сезондо берди Кудай Сезимден сени көрдүм ай Ысык-Көл байырлап Ыргытып кайырмак Балыктай илдиң көлдүгүм (Жаным көлдүгүм) Махабат тамырлап Мадырап, жан ырдап Жүрөктү тилдиң көлдүгүм Көлдүгүм, көлдүгүм ай Көлдүктөн өлдүмбү ай Көзүңдөн толкун көрдүм ай (Көрдүм а-а-й) Сезимтал көлдүгүм ай Сезондо берди Кудай Сезимден сени көрдүм ай Көңүлдүн дабасындай Көлүмдүн абасындай Сергитип турган кезиң ай (Кезиң а-а-й) Өзүмдүк сезилдиң ай Өрүктөй эзилдим ай Жалыңдайт жаштык кезим ай (Жаштык кезим а-а-й) Көлдүгүм, Көлдүгүм ай Көлдүктөн өлдүмбү ай Көзүңдөн толкун көрдүм ай (Көрдүм а-а-й) Сезимтал көлдүгүм ай Сезондо берди Кудай Сезимден сени көрдүм ай (А-а-й) Сендикмин көлдүк жигит ай (Көлдүк жигит а-а-й)
Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out