Credits

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Qanysh
Qanysh
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Алиев Чынгыз Альбертович
Songwriter:in

Lyrics

Кайдан гана сени
Мен жолуктурдум
Кайгыга салдың мени
Не оолуктурдуң
Айтчу эле деги апам анча эле берилип алба
Карагат көз, кара сөз, жана башка - кадимкидей жалтырак адашкан
Мен болсо дагы эле жүрөмүн ырдап сага эле үмүтүм үзүлбөй дале, ошо
Билем баарын, болбойле баары бир издеп сени барам-барам, ге - ле - соо
Жалгызын издеп түн арасы
Аралап аралап "даридам-даридам" деп ырын созуп ай баратат
Жылдызын издеп түн арасы
Аралап аралап "даридам даридам" деп обон созуп ай баратат
Кайран гана жаным
Менден башкасы, ау
Табылбаптырбы
Чок салганга, от салганга
Кайталап айтчу эле энем, берилип алба анча эле
Жагымдуу көз, жылуу сөз жана башка
Куурап түшкөн жалбырак адашкан
Мен болсо дагы эле жүрөмүн ырдап сага эле үмүтүмө үмүт дагы кошо
Билем баарын, болбойле баары бир издеп сени барам, барам дедим, ошо
Жалгызын издеп түн арасы
Аралап аралап "даридам даридам" деп ырын созуп ай баратат
Жылдызын издеп түн арасы
Аралап аралап "даридам даридам" деп обон созуп ай баратат
Written by: Алиев Чынгыз Альбертович
instagramSharePathic_arrow_out