Lyrics

Сен келип кайбир дүйнөдөн
Сезимге салдың дүрбөлөң
Сүйөм деп сүйдүрүп мени
Сүйүүмдөн качтың гүлдөгөн
Аябадың мени, аябадың
Сыздатып жан дүйнөмдү жараладың
Башка эмес, бир өзүңндү сүйөрүмдү
Билсең да сезимимди аябадың
Аябадың
Мен сени сагынган кезде
Саргартып келбедиң, неге?
Сүйөм деп айтканың эсте
Ак сүйүүң калп беле эмне
Аябадың мени, аябадың
Сыздатып жан дүйнөмдү жараладың
Башка эмес, бир өзүңндү сүйөрүмдү
Билсең да сезимимди аябадың
Аябадың
Арбалдым сага билемин
Жан дүйнөм ачтым кирбедиң
Сүйөм деп арзуум арнасам
Чоң сүйүү баркын сезбедиң
Written by: Эрлан Андашев
instagramSharePathic_arrow_out