Lyrics

Таң агарып таң шүдүрүмдөй Жаңыланып айлана бүгүн башкача Жүрөгүңдүн кылдары термелип күүдөй Жагалданып жан сергите Жылаңайлак боз бала сымал абада Жеңил ойноп боз шамал көңүлүң жибите Мезгили келген сыяктуу Ирмем сайын бактылуууу Жүрөгүңдүн толкуп толкуну кенебей Болду эми кайгыга берилбей Бактыңдын кайыгы кемедей Керемет келечек колуңан жетелей Куш багына, багына Канаттары кош кагыла, кагыла Багымдаты баштала-ла лала Башатына таш жарыла, жарыла Чагылгандай шар жагыла, жагыла Жашагын о, жашагын а Жаңы жашоо жар сала лалала Жаңырыгы шаң сала, шаң сала-ла Тамашасы тагдырдын бүтпөй, бүтпөй Таалайыңа шам жактың сен күн өтпөй Булут алды калган нурсуз көлөкөдөй Түңүлүп, а, калган экен көңүл Чакырууңа чакырым жетпей, акыры жетпей Кечиктиби жаркын күн келбей Бирок ээ жаа бербей, эч жеңилбей сен Өзгөрөт баары, кейибегин кенедей Бакыт алыс күн эмес Жашынып сага көрүнбөй ачылган гүл эмес Бакыт ар дайым жаныңда Жашоо деген бакыттын өзү бул сыр эмес Жаңыдан жаңыдан жаралуу кеч эмес
Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out