Top Songs By Бек Борбиев
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Бек Борбиев
Leadgesang
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Бек Борбиев
Songwriter:in
PRODUKTION UND TECHNIK
GMS music
Produzent:in
Lyrics
Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм
Чыйралдым сенден, жаштык, ай
Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм
Арман жок сенде, жаштык, ай, сенде, жаштык, ай
Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды
Өткүндөй белең, жаштык, ай?
Тергетер сүр калды, термелип гүл калды
Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай?
Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай
Жаштыктан көрдүк ылгабай
Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай
Кетеби бизден алыстай?
Ай, жаштык, жаштык, ай?
Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай
Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм
Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай
Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок
Таза элең дайым, жаштык, ай
Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок
Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай
Жакшыдай, жаманын жамандай
Жаштыктан көрдүк ылгабай
Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай
Кетеби бизден алыстай?
Ай, жаштык, жаштык, ай
Ай, курган мастык, ай
Өткөрдүк сени барктабай
Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм
Отузга оңой алдырбай
Ай жаштык жаштык ай
Ай курган мастык ай
Өткөрдүк сени барктабай
Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм
Отузга оңой алдырбай кырк жашка жеңил алдырбай
Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай
Writer(s): бек борбиев
Lyrics powered by www.musixmatch.com