Top Songs By Курал Чокоев
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Куралбек Чокоев
Leadgesang
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Таалай Бектурганов
Songwriter:in
PRODUKTION UND TECHNIK
GMS music
Produzent:in
Lyrics
Тарбия бардыгына бирдей берет
Он бала болсун, багат ата-эне
А бирок ошол ону биригишип, биригишип
Багышпайт ата-энени эмнеге?
Кол созуп бир кездерде Келе-келе
Келе бер, кармат мага, өзүң жебе
Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө, үй-жай күтсө
Унутат ата-энесин эмнеге?
Оокат таап адилеттүү эмгек менен
Адамдык сапатыңды тилеп келген
Ай, ушул адам болуп кетсинчи деп
Кетсинчи деп
Ата-энең болчу өргө жетелеген
Көрүнүп эл көзүнө коройгондо
Бой болсо ак теректей соройгондо
Карабай атасына, энесине, энесине
Кай мерез басып кетет чоңойгондо?
Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө
Ойло, дос, жаңылыштык кылып жүрбө
Өзүңдөй таш боордукту балдарыңдан, балдарындан
Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон
Көргөндө өкүнбөгун, ушу ойлон
Lyrics powered by www.musixmatch.com