Top Songs By Гульнур Сатылганова
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Гульнур Сатылганова
Künstler:in
Бек Борбиев
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Гульнур Сатылганова
Songwriter:in
Бек Борбиев
Songwriter:in
Lyrics
Таң да атты, таалайым батып баратты,
Үмүт катты, үзүлүп көздөн жаш акты.
Болду го дейм, өзүмө суроо бере албай,
Козгой албай, кансырап турган жараатты.
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөн.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөн.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?
Арман кылар айтылбай, балким, сыр калар,
Унутулар ырдалбай, балким, көп ырлар.
Ак көгүчкөн, сен дагы жалгыз, мен жалгыз,
Эгиз сыңар окшошту биздин тагдырлар.
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөн.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөн.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?
Мен үзүлбөйм, аскада гүлдөй үзүлбөйм,
Мен өкүнбөйм, чайпалып көлдөй төгүлбөйм.
Мен жанамын, күндүзү күндөй, түнү айдай,
Булуттардай, бир көрүнүп, бир көрүнбөйм.
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөн.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөн.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?
Смотреть видео Гүлнур Сатылганова и Бек Борбиев "Ак көгүчкөн"
Writer(s): гульнур сатылганова
Lyrics powered by www.musixmatch.com