Similar Songs
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Мирбек Атабеков
Künstler:in
KAGAN
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Токтогул Сатылганов
Songwriter:in
Lyrics
Дайранын көркү кемеде
Баланын көркү энеде
Акылын айтсаң тыңшабай
Акмактын көркү жемеде
Шибердин көркү — мал менен
Жылкынын көркү — жал менен
Жылдыздай жанган кара көз
Жигиттин көркү — жар менен
Булбулдун көркү гүлдө бар
Ырчынын көркү үндө бар
Ак шумкар учса асманга
Амалың болсо үндөп ал!
Бычактын көркү кынында
Жылкынын сыны кулунда
Азамат болсоң, эр жигит
Ардактуу иштен корунба
Шибердин көркү — мал менен
Жылкынын көркү — жал менен
Жылдыздай жанган кара көз
Жигиттин көркү — жар менен
Булбулдун көркү гүлдө бар
Ырчынын көркү үндө бар
Ак шумкар учса асманга
Амалың болсо үндөп ал!
Шибердин көркү — мал менен
Жылкынын көркү — жал менен
Жылдыздай жанган кара көз
Жигиттин көркү — жар менен
Жигиттин ай көркү— жар менен
Булбулдун көркү гүлдө бар
Ырчынын көркү үндө бар
Булбулдун көркү гүлдө бар
Ырчынын көркү үндө бар
Жылдыздай жанган кара көз
Жигиттин көркү — жар менен
Writer(s): токтогул сатылганов
Lyrics powered by www.musixmatch.com