Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Джумабеков Арсен Бакирович
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Арсен
Komponist:in
Lyrics
Энекебай, оо ыйыгым, ыйыгым,
Энекебай, оо кутманым уюгум.
Агып келип тамырыңдан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңден уюдум.
Сен көз жумсаң унутаармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам көз өткөнчө буркурап.
Апакебай кара чачың куу болоор,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап,
Энекебай, билем туям эмгегиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип мени карыш жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним.
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним,
Кирпик какпай канча жолу термедим.
Татыбайт го минуталык толгооңо,
Менин Күндү алып келип бергеним.
Lyrics powered by www.musixmatch.com