Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Анжелика
Künstler:in
Юлия Гениуш
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Николай Михно
Songwriter:in
Lyrics
Сансыз күндөр закымдап өттү сызып,
Сага деген сезимдер алып учуп.
Махабаттан буюрган энчибиздей,
Сагынычта жүрөбүз сагынышып.
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган.
Сагынычым таркабай улам ашып,
Түшүмдөн да чочуймун уктап жатып.
Өзүңдөн аян алып жатканымды,
Негедир эстей берем санаа басып.
Жүрөк дегдеп, умтулуп, жаным ысып,
Сагындырып, сагынып, сагынышып,
Бул жарыкта кайгыны унутуп салып,
Махабатка жашайбыз табынышып.
Lyrics powered by www.musixmatch.com