Songteksten

Кечирип кой сезимиңде ойнодум
Сүйүп калып чачырады ойлорум
Канча жолу унутайын десем да
Сүйүүм күчөп жүрөгүмдү козгоду
Кечирип кой, кечирип кой садагам
Кечигиппиз сүйүү жанбас кайрадан
Кечирип кой, кечирип кой суранам
Жолукканда байкабастан
Жолукканда байкабастан
Сагынычта өтөөр менин өмүрүм
Сенде калды менин өчпөс көңүлүм
Сен да мени сагынаарсың эскерип
Садагасы койчу мени кечирип
Дайыны жок мен өзүңдү сагынам
Издеп келем элесиңе зарыгып
Дайым бирге болобуз деп самагам
Ишеничтүү күндөр келбес кайрадан
Written by: Т. Пирматов
instagramSharePathic_arrow_out