Songteksten

Асылкечим сен жөнүндө жазам дастан
Сүйүүнүн тушоосунан чыга албастан
Өмүр да өтүп кетет максат менен
Уккан сөз ушак сөзгө айланбастан
Асылкечим асылкечим асылкечим
Кайрып берчи махабатымды
Сүйүү кулу акын Мидин айткандай
Жетпесем да жеңиши жок убарам
Жүрөт белем карааныңа жалынып
Менде болсо жүрөктөгү бурамаң
Асылкечим асылкечим асылкечим
Кайрып берчи махабатымды
А мен болсо кала бердим ошол бойдон
Сени деп каректерим көз жаш болгон
Аягында үмүт менен күтөм сени
Арманым ай ак жүрөгүм муңга толгон
Асылкечим асылкечим асылкечим
Кайрып берчи махабатымды
Written by: М. Токтосунов
instagramSharePathic_arrow_out