Vergelijkbare songs
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Бегиш
Künstler:in
Asman
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Dremar Washington
Komponist:in
Маданбек Уулу Бегалы
Songwriter:in
Буланбек Уулу Манас
Songwriter:in
Songteksten
Азыр отуруп ыйлайсың
Бир оорунуңдан жылбайсың
Өзүңдү өзүң кыйнайсың
Билемин бирок сынбайсың
Себеби жан дүйнөң сенин
Деңизден дагы терең
Кетесиң кайгыны женип
Сага бир адам керек
Жыйна күчүңдүн баарын
Алдыда шайыр жылдарың
Карашат сени кызганып
Калат убактын ызгаары
Сенин баркыңа жетпеген
Жигиттин эмне кереги?
Башканын колун эптеген
Сага бакытты береби?
Эчкимдин акысы жок
Көңүлүңдү оорутканга
Татыктуу кыз эмессиң
Гүлдөй болуп соолуп калган
Сонун мезгилдер сага шашылып бат келе жатат
Жылмаюу кана тартуулап өзүңө жолукканга
Эмне кыл дейсиң адамдар канаттуу боло албайт
Түгөйлөрдүн сезимдери өчүп жолдо калат
Мындан ары кадамыңар эки багыт алат
Сени дагы күтүп жүргөн эми жарың табат
Азыр отуруп ыйлайсың
Сөздөрүмду унутпа
Көздөрүңдү арчы
Тарайт эртең булуттар
Суранам ыйлабачы
Жаралып сен тунуктан
Оюңду булгабачы
Сезимиң ашып ташып
Сүйдүң аны
Сел кылып, жашың аарчып кала бердиң
Күйүп жана бердиң
Жаратың мезгил даарылайт
Канатың сынса жаңылайт
Сүйүүдөн ооруган
Сүйүүдөн айыгат
Эгер аккан жашың менен бирге кайгы акса
Ыйлап ыйлап капалыкты төгүп салгын баттан
Ага сенден башка бирөө артык болуп жатса
Качып кеткин күндөлүктүн барактарын аттап
Өзүңдү жакшы көргүн
Өзүңө убак бөлгүн
Сыйла өз тандооңду сен
Күчтүү болууга көнгүн
Өткөн сезимдер келбейт
Аларды күтпө бекер
Шарапта жардам бербейт
Ага кошулбайт шекер
Сага жарашкан адам сенин жашыңды агызбайт
Бактылуу кылат элего чыкпай жүрүп жаныңда
Эгиздей болгон жанга кезигип жүрөк жалындайт
Болгону чечимди кылуу керек өз убагында
Болду укта, унут баарын
Эл эмне деп айтса дагы эч бир укпагын
Асман дагы нурун төгөт айдап булуттарын
Ойгонгондо терезеңди кара туруп барып
Болду укта унут баарын
Сага мээримин төгөт боз булут дагы
Бул ырдагы ноталар берет сунуп даары
Сөздөрүмдү чайга кошуп ал бир уурттагын
Сезимиң ашып ташып
Сүйдүң аны
Сел кылып, жашың аарчып кала бердиң
Күйүп жана бердиң
Жаратың мезгил даарылайт
Канатың сынса жаңылайт
Сүйүүдөн ооруган
Сүйүүдөн айыгат
Written by: Dremar Washington, Буланбек Уулу Манас, Маданбек Уулу Бегалы