Verschijnt in

Credits

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Ислам Акматов
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Эрнист Уметалиев
Komponist:in
Гульмира Рыспаева
Songwriter:in

Songteksten

Тушаган сезимге багынып
Тумардай жүрөккө тагынып
Жүзүмө күлкүңдү жашырып
Жүрөмүн өзүңдү сагынып
Өмүрдүн бактысы өзүңдө
Сүйүүнүн ачкычы көзүңдө
Берметтей алдыңа чачылып
Ишенгин, жаным, сен сөзүмө
Периштем, жамалың жайнаган
Жаныңдан кете албай байланам
Жолугуп, жаңы эле узатсам
Жолуксам деп эңсеймин кайрадан
Жүрөктүн эңсеген себебин
Сурасаң мен гана билемин
Суусаткан сезимдин кыйноосун
Сүйүүмдүн күчүнөн жеңемин
Периштем, жамалың жайнаган
Жаныңдан кете албай байланам
Жолугуп, жаңы эле узатсам
Жолуксам деп эңсеймин кайрадан
Периштем, гүл болуп мен сунулам
Периштем, ыр болуп мен угулам
Бактыма мен ыраазы болоюн
Периштем, төгүлчү нуруңан
Периштем, жамалың жайнаган
Жаныңдан кете албай байланам
Жолугуп, жаңы эле узатсам
Жолуксам деп эңсеймин кайрадан
Written by: Гульмира Рыспаева, Эрнист Уметалиев
instagramSharePathic_arrow_out