Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Калыс Жакыпов
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Самат Уланбеков
Komponist:in
Элиана Жамгырчиева
Songwriter:in
Songteksten
Апакай жылуу колуңдун
Табына жылынайынчы
Алдыңа жатып ыңаалап апа
Алдейле ыр угайынчы
Алдейле ыр угайынчы
Мамыктай жылуу койнуңдан
Мээримге бөлөнөйүнчү
Мезгилди артка кайрычы апа
Мен кайра төрөлөйүнчү
Эртеңим билбейм эмине
Э болду ойлобоюнчу
Адамдар мени ыйлатса апа
Алдейле соороноюнчу
Алдейле ыр угайынчы
Мамыктай жылуу койнуңдан
Мээримге бөлөнөйүнчү
Мезгилди артка кайрычы апоу
Мен кайра төрөлөйүнчү
Өмүрдө болуп өткөнгө
Өкүнүп карабайынчы
Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы
Кайра бир жаралайынчы
Мамыктай жылуу койнуңдан
Мээримге бөлөнөйүнчү
Мезгилди артка кайрычы апоу
Мен кайра төрөлөйүнчү
Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы
Written by: Самат Уланбеков, Элиана Жамгырчиева