Vergelijkbare songs
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Kaibar
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Таалайбек Уулу Иляз
Komponist:in
Асанбеков Мирлан
Songwriter:in
Songteksten
Сенин мага жылмайганың жагат
Сүйлөгөндө тилиңден бал тамат
Ушунчалык керемет сулуулугуң
Менин көздөрүм тойбойт сени карап
(Бир сени карап)
Көзүмдү албай берилип
Тимеле мен ээридим
Төгүлгөндө мээримиң (Эй)
Биринчи эле көргөндө
Көргөндөй мен болдум го
Түшүмдөгү перини (Эй)
Күйөрманың бар сенин миңдеген
Барын алып беремин деген
Бирок андай сага кызыктуу эмес
Билем
Билем
Үйгө батпай, же чүйгө батпай
Гүлүмдү арнайын деп келдим атайын
Сунушумду какпай, макул болсоң
Биз жанашып чогу бирге басайлы (Кел)
Анан сага ыр түрүндө мен
Уялбастан ачыктап берем
Сага болгон сезимдеримди терең
Терең
Терең
Сенин мага жылмайганың жагат
Сүйлөгөндө тилиңден бал тамат
Ушунчалык керемет сулуулугуң
Менин көздөрүм тойбойт сени карап
(Бир сени карап)
Жалгыз сени гана сүйүп сени гана жаным дейм
Бир өзүңө берилгенмин башкаларды көзгө илбейм
Ушунчалык арбалдымбы махабатка билинбей
Аселдей шириним ар убакта сени эңсейм
Таптаттуу мага айткан сөздөрүң
Бат-баттан келем сени дайым көргөнү
Ардактап сени абдан жакшы көрөмүн
Күлүп сага гүлүм сунуп көңүлүмдү бөлөмүн
Билемин сендей жок мына бул кең ааламда
Кучагыңдан кубат алып чөмүлөмүн бакытка
Сен кереметим менин
Айым берметим теңим
Ишенчи сөздөрүмө өмүр бою сени издедим
Сен менен учам бийиктеп
Сен менен чөгөмүн тереңдеп
Ак сүйүүмдү сага берем деп
Сенин мага жылмайганың жагат
Сүйлөгөндө тилиңден бал тамат
Ушунчалык керемет сулуулугуң
Менин көздөрүм тойбойт сени карап
(Бир сени карап)
Written by: Асанбеков Мирлан, Таалайбек Уулу Иляз