Topsongs van Элмира Таджиева
Credits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Элмира Таджиева
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Бузайна Өмүрзакова
Komponist:in
Аалы Токомбаев
Songwriter:in
Songteksten
Ааламды жеке билсе да
Алтындан үйгө кирсе да
Асманда жылдыз аралап
Ай нурун кармап минсе да
Бакытка тойбойт адамзат
Кылымды кыйла көрсө да
Кызыкты өзү бөлсө да
Кырчындай жаштан айрылып
Кыймылсыз жанга көнсө да
Өмүргө тойбойт адамзат
Жанында өлүм турса да
Жалантып кылыч сунса да
Жабыгып жүрөк кансырап
Ирмелбей көзү тунса да
Үмүткө тойбойт адамзат
Махабат жандап жүрсө да
Жыргалды жалгыз сүрсө да
Чагылган менен жандашып
От болуп күйүп жанса да
Сүйүүгө тойбойт адамзат
Өмүргө тойбойт адамзат
Written by: Аалы Токомбаев, Бузайна Өмүрзакова