Songteksten

Ооба жашоо бир келет
Сүйүү бир белек
Махабатын таппаган
Арманда кетет
Жоодураган көздөрүң
Уурдап караймын
Жолукканда качасың
Эх ага не себеп
Сен жанымсың
Сен айымсың
Жүрөгүмдүн түпкүрүндө ашыгымсың
Сен гүлүмсүң
Сен күнүмсүң
Жүрөгүмдө орун алган асылымсың
Ооба жаштык бир келет
Таарынтпаш керек
Жаштык оту барында
Жалындаш керек
Карагаттай көзүңдү
Сүйүп караймын
Кездешкенде качасың
Эх ага не себеп
Сен жанымсың
Сен айымсың
Жүрөгүмдүн түпкүрүндө ашыгымсың
Сен гүлүмсүң
Сен күнүмсүң
Жүрөгүмдө жашап алган асылымсың
Written by: Gulzhigit Satybekov
instagramSharePathic_arrow_out