Songteksten

Сапырылган сары жалбырак
Санааларга мени азгырат
Терезеге келип тигилсем
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды
Көңүл кушун кимге алдырды
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?
Теребел да мынча көңүлсүз
Теректер да ойдон бөлүнгүз
Тегерете курчап буюмдар
Термелише тиктейт өзүңсүз
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды
Көңүл кушун кимге алдырды
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?
Болом деген өзүң түбөлүк
Асман дагы бүркөө түнөрүп
Өзүң, тургай атын укканда
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды
Көңүл кушун кимге алдырды
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?
Written by: С. Бейшекеев
instagramSharePathic_arrow_out