Songteksten

Өтөгөн жерим чек ара мекен сакчысы
Душман сызык артында санайт менин кадамым
Мейли менде уйку жок, элим уктасын
А мен болсо кайтарам ыйык чек ара
Мекенимди талашпа ата-бабам кан төккөн
Кошунасын жарашпайт, чогуу бир өскөн
Кыргыз эли сабырдуу, коркок эмес адашпа
Баардык күчүн көрөсүң чек арадан сен ашсан
Хей командир, берчи буйрук суранам
Камандииир, кантип карап туралам
Өзү кирсе жериме, сабыр кылба суранам
Ант бергенмин элиме, буйрук берчи суранам
Мекен үчүн жаным берем күмөн санаба
Душман келсе анан кантем, жерим булгаса
Намыс күчтүү кыргызда, даңкы жеткен жылдызга
Дүйнө эли таңкалсын, кыргыз деген калкына
Командир, өмүрүм мекен жолунда
Камандииир өмүр текке кетпесин
Душман кирип кетпесин, өмүр берген апакем
Мени издеп келбесин, денем калып кетпесин
Written by: Бекбол Бакыт уулу
instagramSharePathic_arrow_out