Verschijnt in

Credits

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Таалай Бектурганов
Leadgesang
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Таалай Бектурганов
Songwriter:in
PRODUKTION UND TECHNIK
GMS music
GMS music
Produzent:in

Songteksten

Таарынба, садагам, таарынба
Жалооруп сен мага кайгырба
Жанаша сен басып ал менен
Көңүлдү сен антип калтырба
Жанаша сен басып ал менен
Көңүлдү сен антип калтырба
Башында сен жүрдүң каткырып
Сүйөм деп сен мени жактырып
Эгерде чын сүйсөң сен мени
Эмне үчүн кетесиң калтырып?
Эгерде чын сүйсөң сен мени
Кетесиң эмне үчүн калтырып?
Сен тиктеп менин, ай, көзүмө
Кечир деп ыйладың өкүнө
Ошондо сенин сөзүңдү угуп
Калтырап кеттим мен буулугу
Ошондо сенин сөзүңдү угуп
Калтырап кеттим мен буулугу
Себебин уктум мен акыры
Ата-энең бербептир тагдырды
Болтуруп сени башка менен
Кайгыга мени, ай, калтырды
Болтуруп сени башка менен
Кайгыга мени, ай, калтырды
Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң?
Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң?
Бирине-бирин, ай, сүйдүрүп
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?
Бирине-бирин, ай, сүйдүрүп
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?
Бирине-бирин, ай, сүйдүрүп
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?
Written by: Таалай Бектурганов
instagramSharePathic_arrow_out