Verschijnt in

Credits

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
LUCKY
LUCKY
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Саламат Калыбек Уулу
Songwriter:in
Жумабек Уулу Нурболот
Komponist:in

Songteksten

Менин айылым айылымды сагындым
Жүрү кеттик айылга
Жүктөрүңдү дайында
Менин айылым
Апамдын нанын сагындым
Жан дүйнөнү кубанткан
Суусун ичсен булактан
Менин айылым
Таппайсынго айыбын
Курут карынын
Даамын турам сагынып
Таттуулардан татакей
Катып койсо табакей
Атакемдин акчасына
Балмуздактан алакей
Карачы айланасы бут тоо
Басып келбесиндеймин жоо
Ичип айыл суусунан таткам тузунан
Дене кардым бүт соо
Келебер бара албайм жок дебей
Айылыңа досум алыс жол дебей
Айылымдын тандары бул
Арбап алат сени коё бербейт коё бербейт
Жайык талаада чуркап күндө
Чарчоо дегенди билбейсиң го
Апаңдын үнүн алыстан укмайынча
Көчөдөн үйгө такыр кирбейсин го
Чөмүлүп ойноп аккан сууга
Жээгине чыгып кайра кургап
Ким карайт эле деп ичиңен
Кийимин калса сенин булганып
Менин айылым айылымды сагындым
Жүрү кеттик айылга
Жүктөрүңдү дайында
Менин айылым
Апамдын нанын сагындым
Жан дүйнөнү кубанткан
Суусун ичсен булактан
Жел менен жарышып чаңдуу жол менен
Үн салсаң ала тоо жооп берет сага
Алдейлеп ырдаган алтын үн менен
Апакем кагылып күн сайын мага
Көз салып өзүңдөн кубат алам эй
Сагындым тоо этек сары талааңды эй
Козголуп күн ирет ойго батам эй
Кучагың тосчу айылым барам эй
Менин айылым айылымды сагындым
Жүрү кеттик айылга
Жүктөрүңдү дайында
Менин айылым
Апамдын нанын сагындым
Жан дүйнөнү кубанткан
Суусун ичсен булактан
Written by: Жумабек Уулу Нурболот, Саламат Калыбек Уулу
instagramSharePathic_arrow_out