Songteksten

Жүрөгүмдүн жарыгын
Бир таарыныч бузабы?
Ынтымактын жалынын
Ыксыз ушак сызабы?
Сезимдеги жылуулук
Сөзгө келбей тоңобу?
Сүйүүдөгү сулуулук
Өз колумдан соолуду
Ширелишкен кош жүрөк
Шарт бөлүнүп кетеби?
Биригишкен кош тилек
Бири-биринен кечеби?
Элесиңди мен таппай
Жер бетине мен батпай
Көздөгөнгө мен жетпей
Кол кармашып мен кетпей
Сезимдеги жылуулук
Сөзгө келбей тоңобу?
Сүйүүдөгү сулуулук
Өз колумдан соолуду
Ширелишкен кош жүрөк
Шарт бөлүнүп кетеби?
Биригишкен кош тилек
Бири-биринен кечеби?
Written by: Omar Zhanyshov, Омар
instagramSharePathic_arrow_out