Muziekvideo

АСКО - Болсон жубай
АСКО - Болсон жубай bekijken op YouTube

Verschijnt in

Credits

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Аско
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Алмаз Адамалиев
Komponist:in
Анаркул Уулу Асылбек
Songwriter:in

Songteksten

Алгачкы күндөн таанышкан,
Бакыт табышкан.
Сүйүүнү катка толтуруп,
Арнап жазышкан.
Кулпуруп желден,
Кудайдан келген,
Түгөнбөйт сезим сага деген!
Күнгө теңейм бир сени,
Билсеңчи,
Бийикте айга теңейм!
Кубанычта жүрөк,
Сени гана сүйөт,
Жарыгым!
Кубат берип жүзүң жүргөндө,
Күлгөндө дайым.
Кыялдарымдасың,
Жаратканым берген,
Бул дүйнөдө тең.
Назик карап жылмайсаң,
Аалам бүтүн нурданган!
Бир болуу, биздин бактыбыз,
Берген антыбыз.
Убакыт өтүп шашпасын,
Сүйүм сактасын.
Келечек улай,
Колуңду сурай,
Тилегим - мага болсоң жубай.
Бизге окшош балдарды жетелеп,
Ойнотсок кандай бакыт!
Written by: Алмаз Адамалиев, Анаркул Уулу Асылбек
instagramSharePathic_arrow_out