Titres similaires
Crédits
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Мирбек Атабеков
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Мирбек Атабеков
Komponist:in
Барпы Алыкулов
Songwriter:in
Paroles
Беттин көркү нур менен ай
Белдин көркү кур менен
Биз сүйгөн сулуу мөлмөлүм ай белгилүү болсун ыр менен
Эки илебиң кызыл гүл
Ачылгандай мөлмөлүм
Бир карасам жүрөккө от чачылгандай мөлмөлүм
Магдай чачың маргалаң жибегиңдей мөлмөлүм
Сенин ышкың баланын ай тилегиңдей мөлмөлүм
Өтүмдүүсүң өзгөндүн күрүчүндөй мөлмөлүм
Созулганың зергердин күмүшүндөй мөлмөлүм
Майиңдигиң жоргонун жүрүшүндөй мөлмөлүм
Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн
Гүйдүм мөлмөп аппагым ааламда сендей таппадым
Издеп-издеп күнү-түн "мөлмөлүм"-деп какшадым
Секин баскан бутуңдан сейдана мончок жытыңдан
Кадам койгон бутуңдан ай калемпир мончок жытыңдан
Чыныга куйган бал болсоң
Чымындай ага малынсам
Чыга албай жатып ошондон
Чын өзүңө багынсам
Чыгарып койсоң боор ооруп
Чырагың болуп жагылсам
Алты оролуп мойнуңа мен
Ак маржан болуп тагылсам
Берейин десем малым жок
Мал табууга алым жок
Кедейликтин дартынан
Тышым жалын, ичим жок
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок
Көрүнүп койсоң бир жолу
Булуттан чыккан айга окшоп
Көрүнүп койсоң бир жолу
Булуттан чыккан айга окшоп
Writer(s): барпы алыкулов
Lyrics powered by www.musixmatch.com