Vídeo musical

Мирбек Атабеков - Сага (Official Video)
Ver Мирбек Атабеков - Сага (Official Video) en YouTube

Presentada en

Créditos

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Мирбек Атабеков
Мирбек Атабеков
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Мирбек Атабеков
Мирбек Атабеков
Komponist:in

Letras

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде Асманда буркут шамшып учкан кезде Саамайларын сеңселткен ак-кайыңдар Саамашып сагынчымды уккан кезде барам сага Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз Көп күндөр арабыздан өткөн кезде барам сага Ширесин карагаттар чачкан кезде Ажарын жоогазындар ачкан кезде Кучактап бейкутчулук түн куйунун Күн нуру уясына баткан кезде барам сага Гүлдөргө аарылары конгон кезде Бал чөбү ой алманын соргон кезде Алгачкы биз жолуккан кечтегидей Алтын ай асмандагы толгон кезде барам сага Ай барам сага
Writer(s): мирбек атабеков Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out