Canciones más populares de Гулзада Рыскулова
Canciones similares
Créditos
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Гулзада Рыскулова
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Гулзада Рыскулова
Komponist:in
Letras
Туп атасы тугол хан
Тубунон кыдыр дарыган
Башкы атасы Бары хан
Башынан кыдыр даарыган
Түшкөн душман онбогон
Түбүнөн кудай колдогон
Түнөп өткөн жерине
Түптү чынар орногон
Басташканы онбогон
Башынан кудай колдогон
Басып өткөн жерине
Батыр манас көк жалдын
Базарлы кала ордогон
Айын менен кунундун
Бирөөсүнөн бүткөндөй
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй
Асман менен жериндин
Тирөөсүнөн бүткөндөй
Түндүк менен түштүктүн
Түнөөгүнөн бүткөндөй
Түптү кыргыз журтундун
Тилеегинен бүткөндөй
Чыгыш менен батыштын
Чыраагынан бүткөндөй
Ырыстуу кыргыз калкымдын эй
Ынаагынан бүткөндөй
Ээй оой ээй оой
Жараткан көкө теңирдин
Жаалынан бүткөндөй
Ай ааламдын баарысы
Астын үстүн түшкөндөй
Ай батына манастын
Алды калын караа жер
Жерлигинен түткөндөй
Көктөн түшө калгандай
Көк жал манас баатырдын
Көркү күчтүү каргандай
Суудан чыга калгандай
Султан манас баатырдын
Сур күчтүү ар кандай
Жер көтөргөн балбандай
Жер жайнаган кул келсе
Жетиген гана манаска баалан
Жекээлеп сайып алгандаа эй
Кутманын манас кабылан
Кулалы таптап куш кылган
Кууралга баткан кыргызды
Кутманды күнгө туш кылган
Тири куш таптап куш кылган
Тентиген жыйып журт кылган
Темселеп калган кыргызды
Тендиктү күнгө туш кылган
Аккан жашын кыргыздын
Тыйган манас эмеспи?
Ар кай жерден чогултуп
Жыйган манас эмеспи?
Кыргыз үчүн уурагыз
Коргон эмеспи?
Кыяматта унуткуз
Болгон манас эмеспи?
Касиети баарынан
Ашкан манас эмеспи?
Калк оозунан түшпөгөн
Дастан манас эмеспи?
Оболтон бери кыргыздын
Ойлону болуп тумары
Капсалан ишти колдогон
Кадимки пери сынары
Майданга кирсе ар качан
Манастап чыккан урааны
Андыктан атын унутпай
Ар качан эстеп ай тураалын эй
Lyrics powered by www.musixmatch.com