Lyrics

Той күтүнүп ак жоолукчан Бой жеткен белең билинбей Келгин куштай колдон учкан Кезинде кантем күйүнбөй Таалайыңа талпынасың Башынан дүйнө ушундай Мөлт этсе да тамчы жашым Бакыт жок ушул учурдай Кайырма Аруу кызым, ананайын Жар болгунуң жакшыга Балапансың мага дайым Айлансаң да ак кууга Сага берем ак батамды Бактылуу бол, нур кызым Кубандырып эне-атаңды Тунук болсун турмушуң Жарың менен дүйнө жаркын Башыңа алтын куш конуп Эркелегиң үйдө калсын Жаңы үйгө баргын кут болуп Атала көр, жакшы келин Ак жоолук түшпөй башыңан Билгизип да ак тилегим Биринчи бийге чакырам Кайырма
Writer(s): кыялбек урманбетов, създбек искеналиев Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out